Улуттук банк 3,2 млрд сомго ноталарды жайгаштырат

29 марта 2022, 10:17

Эртең, 29-мартта жүгүртүү мөөнөтү 7, 14 жана 28 күндүк Улуттук банктын ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондору өтө тургандыгы жөнүндө маалымат Улуттук банктын сайтына жарыяланды.

Ал эми эмиссиянын жалпы көлөмү 3 млрд 200 млн сомду түзөт. 7 күндүк ноталарды жайгаштыруунун эсебинен банк системасынан каражаттардын басымдуу бөлүгүн чыгаруу пландалууда – 1,5 млрд. Улуттук банктын кайра каржылоо ченинин негизинде ноталардын максималдуу кирешелүүлүгү 14%ды түзөт.

Кошумчалай кетсек, 28-январга карата Улуттук банктын жүгүртүүсүндө 8,4 млрд сомдук ноталар бар.