Улуттук банк аукциондо 800 млн сом жайгаштырат

9 сентября 2020, 17:00

11-сентябрда жети жылдык мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт. Жылдык купондук ставка 7% түзөт. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады. 

Баалуу кагаздардын эсебинен бюджетке 700 млн тартуу пландалууда. 

Мындан сырткары, 100 млн сом өлчөмүндөгү 12 айлык мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча дагы аукцион өткөрүлөт.