Улуттук банк аукциондо 12 айлык векселдерди жайгаштырат
Ушул жылдын 14-июнунда Улуттук банк 12 айлык мамлекеттик казыналык векселдерди кошумча жайгаштырууну жүргүзөт. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.
Эмиссиянын жалпы суммасы 50 миллион сомду түзөт.
Төлөө мөөнөтү келерки жылдын 13-июнуна белгиленген.