Улуттук банк аукциондо 5.2 млрд сомго ноталарды жайгаштырат

15 декабря 2020, 09:20

Бүгүн, 15-декабрда Улуттук банкта 7, 14, 28 жана 91 күндүк ноталарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу регулятор маалымдады. 

Эмиссиянын биргелешкен суммасы 5.2 млрд сомду түзөт. Каражаттын басымдуу бөлүгүн Улуттук банк 14 күндүк ноталардан тартууну пландоодо. 

Кошумчалай кетсек, максималдуу киреше, тагыраагы,  5.75% 91-күндүк ноталардан түшөт.