Улуттук банк аймактарды өнүктүрүүгө багытталган насыя боюнча аукцион өткөзөт

27 ноября 2019, 09:36

2019-жылдын 28-ноябрында өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүгө багытталган банктарды кайра каржылоо максатында кредиттик аукциону өтө тургандыгы жөнүндө Улуттук банк билдирет. 

Кредиттик аукциондун параметрлери: 

Кредиттин мөөнөтү (ай)  6 ай 
Кредиттик ресурстардын көлөмү  (млн. сом) 

1 000,00 

Ауцион өткөрүү ыкмасы*  Кошо каржылоо менен белгиленген чен боюнча аукцион 
Кошо каржылоонун пропорциясы/  Кошо каржылоонун көлөмү  1:1 (коммерциялык банктын өздүк каражаттары эсебинен кредиттөөнүн көлөмү ушул кредиттик аукциондун чегинде алынган каражаттардын көлөмүнө дал келиш керек) 
Максаттуу багытталышы   Өнөр жай; айыл-чарба, даярдоо жана кайра иштетүү; транспорт, байланыш жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү; соода жана коммерция; курулуш; туристтик чөйрө. 
Регионалдык багытталышы  Кредиттик ресурстар Бишкек шаарын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын бардык областарын каржылоого багытталууга тийиш. Бишкек шаары боюнча долбоорлорду кредиттөгө жол берилбейт. 
Пайыздык чен (%)  Аукцион өткөрүү учурунда Улуттук банк аныктаган эсептик чени 
Билдирменин минималдуу көлөмү   (млн. сом)  20,00 
Билдирменин максималдуу көлөмү   (млн. сом)  450,00 
Коммерциялык банктардын түпкү карыз   алуучулары үчүн чектүү номиналдык   пайыздык чени, анын ичинде коммерциялык банктардын өздүк каражаттарынын эсебинен берилген кредиттер боюнча  12% 
Пайыздын төлөө убакыты  Ар бир айдын 1чи күнүндө 
Кредиттин күрөөлүк камсыздоосу  Улуттук валютадагы мамлекеттик баалуу кагаздары (МБК) (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 105%)  
Улуттук банктын ноталары (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 105%)  
Улуттук банктагы пайызсыз депозиттик эсепте турган чет өлкө валютасы (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 105%) 
Кредиттер портфели боюнча талап кылуу укугу (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 200%)