Улуттук банк эки жылдык облигацияларды аукционго коет

17 августа 2022, 13:11

Ушул жылдын 19-августунда жүгүртүү мөөнөтү эки жылдык облигацияларды жайгаштыруу боюнча аукцион өтөт. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Эмиссиянын көлөмү 200 миллион сомду түзөт.

Кошумчаласак, мамлекеттик кыска мөөнөттүү облигациялардын жылдык чени 5% болот.