Улуттук банк 11,3 млрд сомго ноталарды жайгаштырат

22 ноября 2022, 10:45

Бүгүн, 22-ноябрда Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү  7, 14, 28 жана 91 күн болгон ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондор өткөрүлөт. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти. 

Кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарды жайгаштыруунун эсебинен Улуттук банк банк тутумунан 11,3 миллиард сом алууну көздөп жатат.

Эске салсак, 15-ноябрда өткөн Улуттук банктын ноталарынын аукциондорунун жыйынтыгы боюнча, Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күндүк ноталарынын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 12,39%, 12,78%, 13,47% жана 15,13%ды түзгөн.