Улуттук банк 11,8 млрд сомго ноталарды жайгаштырат

15 ноября 2022, 09:10

Бүгүн, 15-ноябрда Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күн болгон ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондор өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. 

Пландаштырылган эмиссиянын көлөмү 11,8 миллиард сомду түзөт. 

Кошумчалай кетсек, 9-ноябрда өткөн Улуттук банктын ноталарынын аукциондорунун жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күндүк ноталарынын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 12,42%, 12,78%, 13,41% жана 15,18%ды түзгөн.