Улуттук банк 14,3 млрд сомго ноталарды жайгаштырат

21 августа 2023, 15:31

Эртең, 22-августта Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28, 91 жана 182 күн болгон ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондор өткөрүлөт.

Баалуу кагаздарды жайгаштыруу аркылуу Улуттук банк банк тутумунан 14,3 миллиард сом алууну көздөп жатат.

Эске салсак, 15-августта өткөн Улуттук банктын ноталарынын аукциондорунун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28, 91 жана 182 күндүк ноталардын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 11,93, 12,02, 12,02, 13,90 жана 14,80%ды  түзгөн.