Улуттук банк 15,7 млрд сомго ноталарды жайгаштырат

22 мая 2023, 15:00

Эртең, 23-майда Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28, 91 жана 182 күн болгон ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондор өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 

Баалуу кагаздарды жайгаштыруу аркылуу Улуттук банк банк тутумунан 15,7 млрд. сом алууну максат кылууда. 

Эске салсак, 16-майда өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28, 91 жана 182 күндүк ноталарынын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү тишелүүлүгүнө жараша 11,45%, 11,71% 12,11%, 13,80% жана 14,93%ды түзгөн.