Улуттук банк 16,4 млрд сомго ноталарды жайгаштырат

19 декабря 2022, 17:10

Эртең, 20-декабрда Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күн болгон ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондор өткөрүлөт. Бул тууралуу көзөмөл органы билдирди. 

Пландаштырылган эмиссиянын көлөмү 16 миллиард 400 миллион сомду түзөт.

Эскерте кетсек, 12-декабрда өткөн Улуттук банктын ноталарынын аукциондорунун жыйынтыгы боюнча, жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күндүк ноталарынын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү 11,50%, 12,24%, 12,59% жана 13,85%ды түзгөн.