Улуттук банк 16,9 млрд сомго ноталарды жайгаштырат

5 декабря 2022, 15:49

Эртең, 6-декабрда Улуттуктын банк жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күн болгон ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондор өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Пландаштырылган эмиссиянын көлөмү 16 миллиард 900 миллион сомду түзөт.

Эске сала кетсек, 29-ноябрда өткөн Улуттук банктын ноталарынын аукциондорунун жыйынтыгы боюнча, Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күндүк ноталарынын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 12,01%, 12,41%, 12,87% жана 14,13%ды түзгөн.