Улуттук банк 19,5 млрд сомго ноталарды жайгаштырат

9 января 2023, 15:34

Эртең, 10-январда Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күн болгон ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондор өткөрүлөт. Бул тууралуу жөнгө салуучу орган билдирди.

Ага ылайык, 7 күндүк ноталардын көлөмү 5,5 миллиард сом, 14 күндүк ноталар 7 миллиард, 28 күндүк ноталар 5,5 миллиард, 91 күндүк ноталар 1,5 миллиард сом болору белгиленди. 

Ал эми, 91 күндүк ноталарды кошпогондо, бардык ноталардын кирешелүүлүгү аукционду өткөрүү учурундагы Улуттук банктын эсептик ченине жараша болот.

Өз кезегинде 91 күндүк ноталардын кирешелүүлүгү бир суткадагы "овернайт насыясынын" ченинен көз каранды.