Улуттук банк 30,1 млрд сомго ноталарды жайгаштырат

10 апреля 2023, 17:25

Эртең Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28, 91 жана 182 күн болгон ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондор өткөрүлөт.

Баалуу кагаздарды жайгаштыруу аркылуу Улуттук банк банк тутумунан 30,1 миллиард сом алууну көздөп жатат.

Эске салсак, 4-апрелдеги аукциондордун жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28, 91 жана 128 күндүк ноталарынын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 10,33%, 11,26%, 12,29%, 13,47% жана 14,95%ды түзгөн.