Улуттук банк 3,4 млрд сомго ноталарды жайгаштырат
22-июнда жүгүртүү мөөнөтү 7, 14 жана 28 күн болгон Улуттук банктын ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондор өтөт. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.
Чыгаруунун жалпы суммасы 3 миллиард 400 миллион сомду түзөт.
Бардык ноталардын кирешелүүлүгү аукционду өткөрүү мезгилиндеги Улуттук банктын эсептик ченинин деңгээлинен көз каранды.