Улуттук банк 3.8 млрд сомго ноталарды жайгаштырат

19 октября 2020, 17:28

20-октябрда 7, 14, 28 жана 91 күндүк ноталарды жайгаштыруу боюнча аукцион өтөт. Бул тууралуу Улуттук банктан маалымдашты. 

Баалуу кагаздардын жалпы көлөмү 3 млрд 800 млн сомду түзөт. 

Кошумчалай кетсек, бүгүн 2 жылдык Мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу, талаптын жоктугунан улам болгон жок.