Улуттук банк 3,9 млрд сомго ноталарды жайгаштырат

15 июня 2021, 09:26

15-июнда Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14 жана 28 күн болгон ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондор өткөрүлөт, деп билдирди Улуттук банк.

Чыгаруунун жалпы суммасы 3,9 миллиард сомду түзөт.