Улуттук банк 4,5 млрд сомго ноталарды жайгаштырат

26 апреля 2021, 17:45

2021-жылдын 27-апрелинде, 7, 14, 28 жана 91 күндүк мөөнөт менен Улуттук банктын ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондор өткөрүлөт, деп билдирди мекемедегилер.

91 күндүк ноталардан тышкары, бардык ноталардын кирешелүүлүгү, аукционду өткөрүү мезгилиндеги Улуттук банктын эсептик ченинин деңгээлине жараша болот. 91 күндүк ноталардын кирешелүүлүгү аукциондун күнүнө карата Улуттук банктын бир күндүк насыялык пайыздык ченине жараша жүргүзүлөт.