Улуттук банк 4,6 млрд сомго ноталарды жайгаштырат

7 марта 2022, 16:30

9-мартта жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күндүк Улуттук банктын ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондору өтө тургандыгы жөнүндө борбордук банк билдирет. 

Эмиссиянын жалпы көлөмү 4,6 млрд сомду түзөт. 28 күндүк ноталарды жайгаштыруунун эсебинен банк ситемасынан каражаттардын басымдуу бөлүгүн - 2,5 млрд. чыгаруу пландалууда.

Кошумчалай кетсек, 1-мартта өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 7 күн, 14 күн жана 28 күн болгон Улуттук банктын ноталары боюнча орточо алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 9,%, 9,03% жана 9,33%ды түзгөн.