Улуттук банк 5.4 млрд сомго ноталарды жайгаштырат

16 марта 2021, 13:00

7, 14, 28 жана 91 күндүк ноталарды жайгаштыруу боюнча аукцион өтөт. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалат. 

 

Эмиссиянын биргелешкен суммасы 5 млрд 400 млн сомду түзөт. Улуттук банк каражаттын басымдуу бөлүгүн 28 күндүк  (2.2 млрд сом) жана 14 күндүк (1.9 млрд сом) ноталардан тартууну пландоодо.