Улуттук банк 5.6 млрд сомго нота жайгаштырат
Эртең, 21 июлда Улуттук банк 7, 14 жана 28 күн мөөнөтүндөгү айлануудагы ноталарын жайгаштырат. Бул тууралуу регулятордун сайтында айтылат.
Улуттук банк баалу кагаздарды жайгаштыруудагы тартууну пландап жаткан каражаттардын жалпы өлчөмү 5 млрд 600 млн сомду түзөт.
Күндүк ноталар |
Суммасы (миң сом) |
7 |
1.700.000.0 |
14 |
2.200.000.0 |
28 |
1.700.000.0 |
Кошумчалай кетсек, ноталарды жайгаштыруу боюнча өткөн акыркы аукцион 14-июлда болуп, анын жыйынтыгы боюнча 7,14,28 жана 91 күндүк ноталардын орто өлчөмдөгү кирешелүүлүгү 3.94, 4.30, 4.49 жана 4.55 пайызды түзгөн.