Улуттук банк 6 млрд 350 млн сомдук ноталарды жайгаштырат

15 февраля 2022, 09:05

Бүгүн, 15-февралында жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күндүк Улуттук банктын ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондору өтө тургандыгы жөнүндө борбордук банк билдирет. 

Ал эми эмиссиянын жалпы көлөмү 6 млрд 350 млн сомду түзөт. Каражаттын басымдуу бөлүгүн 28 күндүк ноталарды жайгаштыруунун эсебинен банк системасынан чыгаруу пландаштырылууда – 3,4 млрд.

Жүгүртүү мөөнөтү 91 күндүк ноталарды кошпогондо, бардык ноталар боюнча максималдуу кирешелүүлүк 8,5%ды түзөт. Башкача айтканда, аукциондор өткөрүлгөн күндөгү Улуттук банктын эсептик ченине барабар. 91 күндүк кагаз үчүн - 9%, ал овернайт кредиттеринин ставкасына барабар.