Улуттук банк 6.1 млрд сомго ноталарды жайгаштырат

15 февраля 2021, 17:30

 16-февралда 7, 14, 28 жана 91 күндук ноталарды жайгаштыруу боюнча аукцион өтөт. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. 

 

Эмиссиянын биргелешкен суммасы 6 млрд 100 млн сомду түзгөн. Каражаттын басымдуу бөлугүн Улуттук банк 7 күндүк ноталардан (2.4 млрд сом) жана 28 күндүк ноталардан (2.1 млрд сом) тартууну көздөгөн. 

Кошумчалай кетсек, максималдуу кирешени, тагырагы 5.75% 91 күндүк ноталардан тартуу пландалууда.