Улуттук банк 14,6 млрд сомго ноталарды жайгаштырат

29 мая 2023, 11:48

Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28, 91 жана 182 күн болгон ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондор 30-майда өткөрүлөт.

Баалуу кагаздарды жайгаштыруу аркылуу өлкөнүн башкы каржы мекемеси банк тутумунан 14,6 миллиард сом алууну көздөп жатат.

Эске салсак, 23-майда өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28, 91 жана 182 күндүк ноталарынын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү 11,51%, 11,77%, 12,19%, 13,95% жана 14,95%ды түзгөн.