Улуттук банк 8,2 млрд сомго ноталарды жайгаштырат
Бүгүн Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14 жана 28 күн болгон ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондору өтөт.
Эмиссиянын пландаштырылган көлөмү 8,2 млрд сомду түзөт. Каражаттын басымдуу бөлүгүн – 3,4 млрд сомду 14 күндүк ноталардын эсебинен тартуу пландаштырылууда.