Улуттук банк 3,2 млрд сомго ноталарды жайгаштырат

11 мая 2021, 09:40

Ушул жылдын 11-майында улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14 жана 28 күн болгон ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондору өтөт. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.

Эмиссиянын жалпы суммасы 3,2 млрд сомду түзөт.

Каражаттардын көпчүлүгү 28 күндүк ноталарды жайгаштыруу аркылуу дароо 1,8 миллиард сом тартуу пландаштырылып жатканы белгилүү болду.