Улуттук банк 200 млн сомго баалуу кагаздарды жайгаштырат

16 сентября 2020, 17:21

18-сентябрда үч жылдык мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады. 

Белгиленгендей, эмиссиянын көлөмү 200 млн сомду түзгөн. Купондук киреще - 5%. 

Эске сала кетсек, аукциондон тышкаркы 7 жылдык мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштырууда Финансы министрлиги бюджетке 600 млн сом тарткан.