Улуттук банк 3,8 млрд сомго ноталарды жайгаштырат

8 июня 2021, 09:45

Ушул жылдын 8-июнунда Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14 жана 28 күн болгон ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондор өткөрүлөт, деп билдиришти аталган мекемедегилер. 

Чыгаруунун жалпы суммасы 3 миллиард 85 миллион сомду түзөт. Баарынан да 28 күндүк ноталардын эсебинен тартуу пландаштырылууда.

Бардык ноталардын кирешелүүлүгү аукционду өткөрүү мезгилиндеги Улуттук банктын эсептик ченинин деңгээлинен көз каранды.