Улуттук банк эсептик ченди 13 пайызга чейин төмөндөттү

29 ноября 2022, 10:24

Улуттук банк эсептик ченди 13 пайызга чейин төмөндөттү. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинин башкармалыгы кабыл алган чечим бүгүнтөн тарта күчүнө кирет.

Маалыматка ылайык, мунун себеби учурда 14,5 пайызды түзгөн жылдык инфляцияга байланыштуу.

Белгиленгендей, бул чечим чечим тышкы жана ички экономикалык чөйрөнү өнүктүрүү шарттарын эске алуу менен кабыл алынды.