Улуттук банк бир катар коммерциялык банктардагы директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн талапкерлигин жактырды

12 августа 2021, 16:30

Улуттук банк 2021-жылдын 12-августунда үч банктын директорлорунун көз карандысыз мүчөсүнүн талапкерлигине макулдук берүү жөнүндө чечим кабыл алган. Бул тууралуу мекеменин сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, Эрмек Абласов "Бакай Банктын" директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү болуп дайындалды.

Өз кезегинде Юлия Ким "Кыргызкоммерцбанктын" директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү болду.

Гүланды Нурмолдоева ушул эле кызматка "Дос-Кредобанкка" дайындалганын кошумчалайбыз.