Улуттук банк «РСК Банктын» кызмат ордуна талапкерди макулдашты

24 июня 2022, 09:22

Улуттук банк “РСК Банк” тарабынан Директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө сунушталган талапкерге макулдук берди. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Тактап айтканда, Директорлор кеңешинин мүчөсү кызматына “РСК Банктын” тобокелдиктерди башкаруу боюнча комитетинин төрагасы Эрмек Бакасов болду. Мындай чечим 23-июнда кабыл алынды.

Кошумчаласак, ачык булактарда ал 2017-2018-жылдары Ала-Арча айыл округунун башчысы болуп иштеген.