Улуттук банк эки коммерциялык банктын кызмат ордуна талапкерлерди бекитти

4 августа 2021, 15:53

3-августта Кыргызстандын Улуттук банкы башкы эсепчинин орун басарлыгына "Бакай Банк" ААК тарабынан көрсөтүлгөн Лидия Карташованын талапкерлигин жактыруу боюнча чечим кабыл алды.

Мындан тышкары, Улуттук банк "РСК Банктын" кызмат ордуна эки талапкерди жактырды. Тактап айтканда, Денис Пышкин банктын шарият кеңешинин мүчөсү, Жакшылык Борочоров шариат кеңешинин мүчөсү жана төрагасы кызматына бекитилген.