Улуттук банк KICB кызматына талапкерлерди макулдашты

5 августа 2022, 10:24

Улуттук банк 4-августта "Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы" ЖАКтын кызмат орундарына талапкерлерди макулдашты.

Маалыматка ылайык, аталган банктын директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө Тарик Масауддун талапкерлиги жактырылды. Ал эми Азамат Киргизбаев банктын ишкердик боюнча кеңешинин мүчөсү болду.

Мындан тышкары, Ришат Мухамеджанов "Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы" ЖАКтын микрокредиттик ишмердүүлүк боюнча кеңешинин мүчөсү болуп бекитилди.