Айбек Кайып «Оптима Банктын» директорлор кеңешинин төрагасы болуп дайындалды
Улуттук банк директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө «Оптима Банк» ААК көрсөткөн Айбек Кайыптын талапкерлигин жактыруу жөнүндө чечим кабыл алганы маалым болду.
Ал 6-майдан бери «Оптима Банктын» директорлор кеңешинин төрагасы болуп иштеп келген.
Мындан тышкары, Данияр Медеров «Азия Банкы» ЖАКтын директорлор кеңешинин мүчөсү жана тобокелдиктерди башкаруу комитетинин төрагасы болуп бекитилген.