Улуттук банк бир катар комбанктарга талапкерлерди жактырды

13 марта 2024, 12:55

Улуттук банк үч коммерциялык банкка талапкерлерди бекитти.

Тактап айтканда, банктын директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө "Айыл Банктын" атынан Аскарбек Жаныбековдун талапкерлиги макулдашылды.

Ошондой эле, ички аудит кызматынын жетекчисинин орун басарлыгына "КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкы" тарабынан сунушталган Кыдыкбек Ибраимкуловдун талапкерлигин жактырды.

Өз кезегинде "Кыргызкоммерцбанк" ААКтын башкаруучу директору катары сунушталган Нозима Атаходжаева да жактырылды.