Улуттук банк KICB башкармалыгынын жетекчисинин талапкерлигин жактырды

13 мая 2022, 09:37

Улуттук банк "Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы" ЖАК тарабынан банктын башкармалыгынын төрагалыгына сунушталган Али Ариф Махмуддун талапкерлигин жактыруу чечимин кабыл алды.

Чечим 2022-жылдын 12-майында кабыл алынган.

Директорлор кеңеши 1-февралда Али Ариф Махмудду башкармалыктын төрагасы кылып дайындады. Буга чейин банкты Бектур Алиев жетектеп келген.

Кошумчалай кетсек, Улуттук банк Директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө Мелис Тургунбаевдин талапкерлигин макулдашты.