Улуттук банк «Кыргызкоммерцбанктын» кызмат ордуна талапкерди жактырды
Улуттук банк “Кыргызкоммерцбанк” ААКсынын Тобокелдиктерди башкаруу боюнча комитетинин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди макулдашуу боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.
Бул кызматка Даврон Исройлов "Кыргызкоммерцбанктан" сунушталганы көрсөтүлгөн.