Улуттук банк «Ак Жол 2000» башкармалыгынын төрагасынын талапкерлигин жактырды

4 мая 2021, 17:16

Улуттук банк «Ак Жол 2000» кредиттик союзунун башкармалыгынын төрагасынын кызмат ордуна талапкерлигин макулдашты. Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымдалды.

Бүгүн, 4-майда, Улуттук банк «Акжол 2000» кредиттик союзунун башкармалыгынын төрагасынын кызмат ордуна көрсөтүлгөн Бейшенбек Шатмановдун талапкерлигин жактыруу жөнүндө чечим кабыл алды.

Ачык маалыматтарга ылайык, Бейшенбек Шатманов «Ленам Финанс» компаниясынын жетекчиси, башка адамдардын тапшырмасы менен каржы базарларында операцияларды жүргүзөт.