ААК «Халык Банк Кыргызстанда» кадрдык өзгөрүү болду

12 марта 2021, 13:00

Улуттук банк 11-мартта ААК «Халык Банк Кыргызстандын» башкаруу мүчөсүнө Алия Чыныбаеванын талапкерлигин бекитти. 

Алия Чыныбаева банк тармагында бир гана Кыргызстанда эле эмес, Казакстан, Өзбекстан жана Россияда 25 жылдан бери иштеп келет. Корпоративдик башкаруу жаатында чоң тажрыйбасы бар. 

Белгилей кетсек, Алия эл аралык Visa компаниясында Орто Азия мамлекеттери боюнча башкы директор болуп иштеген.