ААК «Керемет Банкта» кадрдык өзгөрүүлөр болду

15 марта 2021, 13:00

Улуттук банк 12-мартта «Керемет Банктын» башкаруу мүчөсүнө Рысбек Токтогулду дайындады. Бул тууралуу регулятор билдирди. 

 

Рысбек Токтогул дээрлик 16 жылдан бери банк тармагында жана дээрлик 12 жылдан бери тоо-кен тармагында эмгектенген. 2018-жылдын октябрь айында «Керемет Банкка» башкы кеңешчи катары чакыртылган. 

Эске сала кетсек, 31-мартта ААК «Керемет Банктын» акционерлеринин кезектеги жылдык жыйыны өтөт.