Улуттук банк эки банктын кызмат орундарына талапкерлерди макулдашты

10 апреля 2023, 13:40

Улуттук банк эки банкка талапкерлерди макулдашуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу жөнгө салуучу орган билдирди.

“FINCA Банк” ЖАКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү/тобокелдиктерди башкаруу боюнча комитетинин төрагасы кызматына талапкер Ринат Абдрасилов макулдашылганы такталды.

Ал эми Дарыйка Осмонова “Оптима Банк” ААКтын башкы бухгалтери кызматына бекитилди.