Улуттук банк ЕСБ кызматына талапкерлерди макулдашты

29 июня 2023, 14:14

Улуттук банк “Евразиялык сактык банкы” тарабынан сунушталган директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлерди макулдашты. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Ошентип, банктын директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө Азамат Акматов, Динара Арзибаева банктын директорлор кеңешинин мүчөсү жана аудит боюнча комитетинин төрайымы жана Нурлан Исабеков директорлор кеңешинин мүчөсү жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча комитеттин төрагасы болуп дайындалды.

Эске салсак, жакында эле Кыргызстандын Улуттук банк Башкармасы “Евразия сактык банкы” ААКда убактылуу администрациянын өзгөчө режимин киргизүү жөнүндө токтом кабыл алган.