Улуттук банк "РСК» жана «Айыл Банктын» топ-менеджерлеринин талапкерлигин макулдашты

21 июля 2022, 13:24

Улуттук банк “Айыл Банк” жана “РСК Банк” кызматтарына сунушталган талапкерлерди макулдашты. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтында жарыяланды.

Ошентип, банктын башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басарлыгына “РСК Банк” ААКтын атынан Акылбек Турдалиевдин талапкерлигин жактыруу чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары, Нургазы Абдрашев “Айыл Банк” ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы кызматына, Нурай Марс директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү кызматына жана Каныбек Айдаров “Айыл Банк” ААКтын тобокелдиктерди башкаруу боюнча комитетинин төрагасы кызматына бекитилди.