Улуттук банк бир катар коммерциялык банктарда директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн талапкерлигин жактырды

29 июня 2021, 09:00

Улуттук банк "Аманбанк" жана "Финанскредит Банктагы" директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүнүн талапкерлегин жактыруу чечимин кабыл алды. 

Мындай жол менен "Аманбанктын" директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү жана аудит боюнча комитеттин төрагасынын кызматына Сталбек Сазбаковдун талапкерлиги жактырылды.

Ал эми "Финанс Кредит Банктын" директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү болуп Гүлмира Турдалиева келди.

Ошондой эле, "Капитал банктын" ички аудитин жетектөөгө Фарид Имаралиевдин талапкерлиги макулдашылды.