Улуттук банк «Оптима Банк» менен «Бакай Банктагы» дайындоолор боюнча макулдашты

23 сентября 2022, 10:18

Улуттук банк "Оптима Банк" жана "Бакай Банкка" талапкерлерди дайындоо боюнча макулдашты. Бул тууралуу көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.

Ошентип, Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү/тобокелдиктерди башкаруу боюнча комитеттин төрагасы кызматына “Оптима Банк” ААК тарабынан сунушталган Гүлкайыр Тентиеванын талапкерлиги жактырылды.

Улуттук банк ошондой эле банктын шарият кеңешинин мүчөлүгүнө “Бакай Банк” ААК тарабынан сунушталган Айдар Жантуриндин талапкерлигин жактыруу чечимин кабыл алды.