Улуттук банк банктардын директорлор кеңешинин жаңы мүчөлөрүн макулдашты
Улуттук банк үч банктын директорлорунун мүчөлөрүнүн талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында жарыяланды.
Ошентип, Гүлнара Орозованын талапкерлиги “Капитал Банктын” директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө жактырылды. Даулет Абжанова – “Халык Банк Кыргызстан” ААКтын директорлор кеңешинин курамына, Нурдаулет Айдосов “Оптима Банктын” директорлор кеңешинин мүчөсү/төрагасынын кызмат ордуна бекитилди.
Кошумчалай кетсек, Улуттук банк “Кыргыз-Швейцариялык банк” ЖАКтын аудит боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Руслан Султановдун талапкерлигин макулдашты.