Улуттук банк бир катар банктардын жетекчилерин дайындады

28 декабря 2020, 16:32

Улуттук банк Надырбек Абдразаковду «Толубай» коммерциялык банктын акционерлер коомунуну директорлор кеңешинин мүчөсүнө дайындады. Бул тууралуу регулятор маалымдады. 

 

 

 

Андан сырткары, Кайрат Маматов «РСК Банктын» директорлор кеңешинин мүчөсү жана банктын тобокелдиктерди башкаруу комитетинин төрагасы болуп дайындалды.