Тимур Жусупов «ФинансКредитБанктын» директорлор кеңешине бекиди
Улуттук банкы Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлүгүнө “ФинансКредитБанк КАБ” ачык акционердик коомунун атынан Тимур Джусуповдун талапкерлигине макулдук берди. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.
Мындай чечим 19-майда кабыл алынган.
Тимур Жусупов ошондой эле банктын тобокелдиктерди башкаруу боюнча комитетинин төрагасы кызматын ээлейт.
Буга чейин ал “ФинансКредитБанктын” Директорлор кеңешинин мүчөсү, ошондой эле Улуттук банктын Башкармалыгынын мүчөсү болгон.