Улуттук банк эсептик ченди 6,5% деңгээлинде кармайт
Улуттук банктын башкармалыгы эсептик ченди 6,5% деңгээлинде кармоо жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Кандайдыр бир тобокелчиликтер келип чыккан учурда, Улуттук банк учурдагы акча-кредит саясатына кошумча түзөтүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүнөн баш тартпайт.
Улуттук банк инфляцияга таасир эткен тышкы жана ички факторлорду дайыма баалап, экономикалык кырдаалга жараша акча-кредит саясатына тиешелүү чараларды көрө тургандыгы белгиленди.