Улуттук банк кайрадан интервенция өткөрдү

1 декабря 2020, 08:00

Улуттук банк 30-ноябрда кезектеги интервенцияны өткөрдү. Бул ирет регулятор 16.1 млн доллар сатты. 

Муну менен катар, Улуттук банк ноябрда - 11, жыл башынан бери - 26 интервенция өткөрдү. Жалпысынан 439 млн 450 миң доллар сатты. 

Белгилей кетсек, коммерциялык банктар жана акча алмаштыруучу жайлар америка валютасын 84.7  сомдон сатып алып, 84.9 сом менен сатышууда.